Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Ысык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды


Чолпон-Ата шаары. 22-август, 2023-жыл.
Чолпон-Ата шаары. 22-август, 2023-жыл.
Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер, кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды. Мелдешке 11 өлкөдөн спортчулар катышып жатканын Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдештин программасына ылайык, 22-августта спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм салмактарда, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 килограмм, 65 килограмм, 72 килограмм салмакта беттештер өтөт.
Чолпон-Ата шаары. 22-август, 2023-жыл
Чолпон-Ата шаары. 22-август, 2023-жыл

Самбо боюнча Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Орусия), ФИАС 2 (Беларус) жана Израилден келген спортчулар катышууда. Мелдеш 23-августта жыйынтыкталат.

2022-жылдын ноябрында Кыргызстан биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионатын өткөргөн.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG