Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Орусияда пенсионер "фейк маалымат таратты" деп айыпка жыгылды


Марина Новикова.
Марина Новикова.

Томскинин облустук соту пенсионер Марина Новикованы орусиялык армия тууралуу фейк маалыматтарды таратканы үчүн 1 миллион рубль өлчөмүндөгү айыпка жыкты.

Тергөө "фейк" деп Новикованын социалдык тармакта Украинадагы тааныштарына таянып жазган постторун айтууда. Пенсионер акчасы жок экенин айтып, айыпты абак мөөнөтүнө алмаштырууну суранды.

65 жаштагы Марина Новикова пенсиядагы юрист. Ал "фейк маалыматтарды таратты" деген берене менен биринчилерден болуп айыпталып, 2022-жылы март айында иш козголгон. Тергөөнүн версиясында ал өткөн жылдын март айынын башынан тартып өзүнүн 170 катталуучусу бар Телеграм-каналына украиналыктардын айтып бергендерин жайгаштыра баштаган. Алардын арасында Запорожье облусундагы Энергодар шаарында болгон окуялар да камтылган.

Новикованын соту ушул жылдын апрель айында болгон. Айыптоочу тарап аны үч жылга абакка кесүүнү же 700 миң рубль айып төлөтүүнү талап кылган. Сот пенсионерди эркинен ажыратпаганы менен аны миллион рубль айыпка жыккан.

Пенсия жашындагы аял облустук сотто өз чындыгын айтканы менен сот өкүмдү өзгөрткөн жок.

Новикова күнөөсүн моюнуна алган жок. Сот чечимин ал "адам бойдон калуунун куну" деп атады.

"Мекендештер мени угуп, ак жана жарык тарапты тандашы үчүн болгон аракетти кылдым", - деди ал өкүм чыгардын астында.

  • Орусиялык соттор согушка байланыштуу расмий маалыматка кайчы келген билдирүүнүн баарын "фейк" деп атап келет. Мындай маалыматтардын катарына аскер кылмыштары жана жарандык объектке урулган соккулар, жай тургундардын өлүмү тууралуу кабарлар да кирген.
  • Орусиянын жашоочулары согушка каршы пикетке чыгып, пост жазып, маалыматты бөлүшүп, керек болсо андай билдирүүлөрдүн астына жакты белгисин койгону үчүн да соттолууда.
  • Укук коргоочулардын маалыматында согуш башталгандан бери Орусияда согушка каршы позициясы үчүн 500 адам куугунтукка алынган. Алардын жүздөйү үй камагында жана атайын көзөмөл астында. 50 адам соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG