Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

АКШ өз жарандарын Беларустан чыгып кетүүгө чакырды


Минскидеги АКШ элчилиги.
Минскидеги АКШ элчилиги.

Кошмо Штаттары Беларустагы жарандарын тез арада бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Минскидеги АКШ элчилигинин сайтындагы билдирүүдө Вильнюс литва-беларус чегиндеги алты чек ара бекеттеринин экөөнү жапканы айтылат.

Билдирүүнүн авторлору Евробиримдик өлкөлөрү Беларустан келгендерди өз аймагына киргизүүгө тыюу салышы мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ андан тышкары өз жарандарын Беларус, Орусия жана Украинага баруудан карманууга чакырып, кокустук болуп кетсе дипломатиялык өкүлчүлүк аларга толук кандуу жардам бере албай турганын белгилеген.

Литва чек арадагы Шумскас (Лоша) жана Тверячюс (Видзы) бекеттерин 18-августта жапкан. Литванын ички иштер министри Агне Билотайте өкмөт коргонуунун башка сценарийлерин ойлонуштуруп, чукул кырдаал болсо чек араны толук жабарын айткан. Ал мындай кадамга Беларус менен чектеш Латвия жана Польша дагы барышы керек деп эсептейт.

Билотайте Беларус менен чек араны жабуу маселесин Балтика өлкөлөрүнүн жана Польшанын министрлери 28-августта Варшавада өткөн жыйында талкуулай турганына токтолгон.

  • Учурда Латвия дагы Беларус менен чек арасын бекемдөө аракетин көрүп жатат. Латвиянын чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жарыялады.
  • Польша Беларус менен чек арасын бекемдөө үчүн коргонуучу каражаттарды жана аскерлердин санын көбөйттү. Өлкө чек арачылардын санын 10 миңге жеткирүүгө аракет кылууда.
  • Бул мамлекеттердин өкмөттөрү Орусия менен дос лидер Александр Лукашенконун чакыруусу менен "Вагнердин" миңдеген жалданма аскерлери Беларуска келгенден тарта коопсуздугунан чочулашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG