Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Украинанын Николаев облусунда токойду өрт каптады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинанын Николаев облусундагы Андреевский токой чарбасында ири өрт чыкканын 21-августта Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Расмий маалыматта өрт 20 гектарга жайылганы айтылат. Аны өчүрүүгө адегенде 85 өрт өчүрүүчү, 14 техника жана токойчулар тартылган. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы кошумча күч жана каражат жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Куткаруучулар 21-августта Украинанын көпчүлүк аймактарында жакынкы күндөрү өрт коркунучу бар экенин эскертишти.

Тилсиз жоонун чыгышы орус армиясынын согуштук аракеттерине байланыштуубу же табигый кырсыкпы, так айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG