Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Президент Жапаров АКШ сенатору Гэри Питерсти кабыл алды


Гэри Питерс жана Садыр Жапаров.
Гэри Питерс жана Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 21-августта Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын саясий жана экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болгонун маалымдады.

Мунун алдында Гэри Питерсти Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да кабыл алган. Анда тараптар коопсуздук, санкцияларды алдын алуу, С5+1 механизминин алкагында кызматташууну талкуулаган.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтөө баштаган.

Жакында эле АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган. Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Буга чейин АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Президент Жапаров 9-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде Боб Менендеске жооп берип, Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG