Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

HRW: Сауд Арабиянын чек арачылары ондогон мигрантты өлтүргөн


Эфиопиялыктар өлкөдөгү чөлдөрдүн биринде. Иллюстрация.
Эфиопиялыктар өлкөдөгү чөлдөрдүн биринде. Иллюстрация.

Сауд Арабиянын чек арачылары эфиопиялык жүзгө жакын мигрантты өлтүргөнү тууралуу Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдирди. Эл аралык уюмдун баяндамасында мигранттар сабалып, аткыланганы айтылат.

Укук коргоочулар 2022-жылдын мартынан 2023-жылдын июнуна чейин Йемен аркылуу Сауд Арабиясына кирүүгө аракет кылган 38 эфиопиялык мигрант менен маектешкен. Баяндаманын авторлору ошондой эле жүздөгөн видео, фото жана спутниктен тартылган сүрөттөрдү талдаган.

Уюмга маалымат бергендердин 14ү аткылоого туш болгондорду көзү менен көргөнүн, өздөрү да жараат алганын белгилешкен.

17 жаштагы улан чек арачылар аны эки кызды зордуктоого мажбурлаганын билдирген.

HRW 2014-жылдан бери Сауд Арабия - Йемен чек арасында мигранттардын өлтүрүлүшүн документтер менен тастыктап келет. Эфиопиялыктар өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушунан жана экономикалык себептерден улам Сауд Арабияга өтүшөт. Укук коргоочулар чек арада адам өлтүрүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын болжолдошууда.

HRW Сауд Арабияны мигранттарды өлтүрүүнү дароо токтотууга, башка өлкөлөрдү күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууга жана БУУну иликтөөгө чакырды.

Эр-Рияд буга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG