Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

USAID долбоору кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккан бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмалары колдонулуп, жакшы натыйжасын берүүдө. Бул тууралуу бүгүн 21-августта "Азаттыкка" USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунан билдиришти.

Долбоор алкагында бейтапты каттоого алуу жана анын дарылануусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн атайын медициналык маалымат системасы ачылып, ага бардык тийиштүү мекемелер кошулууда. Электрондук системада он миңдеген бейтаптын картасы жана миллиондогон анализдердин жыйынтыгы сакталып турат.

Дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында онлайн-консилиумдар уюштурулуп келет. Анда Улуттук фтизиатрия борбору менен облустук кургак учукка каршы ооруканалардын түз байланышы камсыздалат. Кургак учукту амбулатордук, башкача айтканда, бейтаптын жашаган жери боюнча дарылоону көздөгөн "Кургак учук учурун башкаруу" ыкмасы киргизилип, райондук фтизиатрдан, үй-бүлөлүк дарыгерден жана үй-бүлөлүк медайымдан турган медкызматкерлер тобу түзүлүүдө. Топтун мүчөлөрүнө кошумча түйшүк жаралгандыктан аларга стимул берүү максатында атайын каражат бөлүнүп берилүүдө. Лабораториялардын ишин жакшыртуу багытында да бир топ иштер жасалып жатканы кабарланды.

Улуттук фтизиатрия борборунун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учук менен ооруганы алгачкы жолу аныкталган бейтаптар 2022-жылы 4 миңден ашуун адам болгон. Бейтаптардын көбү Чүй облусунда катталды. Бул илдеттен каза тапкандар былтыр 174 бейтап болду (2021-жылы 257).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG