Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:10

Навальныйдан тарапкерлери Путинге каршы акция өткөрүп жатышат


Алексей Навальный сотто, 4-август, 2023-жыл.
Алексей Навальный сотто, 4-август, 2023-жыл.

Оппозиционер Алексей Навальныйдан тарапкерлери жекшембиде “Путин - киши өлтүргүч” аттуу акцияга чыгышты. Бул иш-чара Навальныйдын ууландырылышынын үч жылдыгына карата уюштурулду.

Грузия, Эстония, Жаңы Зеландия, Францияда жашаган ондогон активисттер көчөгө согушка каршы чакырыктарды жана символдорду көтөрүп чыгышты. Ал эми Махачкалада жалгыз активист «Навальныйга эркиндик! Репрессияларга жол жок! Согушка жол жок!» деген жарнагы менен пикетке чыкты.

Навальныйдын командасынын Телеграмында Кызыл аянттын жанында «Навальныйга эркиндик! Согуш болбосун!» деген жазуу менен чыккан кишинин сүрөтү жарыяланды. Уюштуруучулар алдын ала «коопсуз мамлекеттерде» гана жашагандарды акцияга чакырган эле.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып, Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келгенде камалып, бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет.

Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган. Ошондой эле The Insider, Bellingcat, CNN сыяктуу басылмалар Навальныйдын көзүн тазалоо аракетинин артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына тиешеси бар адамдар турганын иликтеп чыгышкан.

Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчыны ууландырууга тиешеси жок экенин кайталап келет. Быйыл 4-августта Москва шаардык соту түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан Навальныйды экстремизмге айыптаган жаңы иш боюнча 19 жылга эркинен ажыраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG