Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Москвада эки аэропорттун иши убактылуу токтотулду


Москванын мэри Сергей Собянин 20-августтун таңында Москвага багытталган дронду абадан коргонуу күчтөрү тосконун билдирди.

Бирок окуядан кийин Внуково жана Домодедово аэропортторунун иши токтотулганы кабарланды. Соңку апталарда Моквадагы аэропорттордун иши бир нече ирет үзгүлтүккө учурады.

30-июлда “Москва-Сити” комплексинин бийик имаратына дрон тийгенден кийин Внуково аэропорту жабылган.

6-августта да ал кыска убакытка ишин токтоткон.

20-августта Курск облусунун губернатору да украин учкучсуз учагы Курск темир жол вокзалынын айнек чатырына тийип, анча чоң эмес өрт чыгып, беш киши жарат алганын кабарлады. Дагы бир дрон чабуулу Орусиянын түштүгүндөгү Ростов облусунда болду.

Расмий тараптар соккунун мизи электрондук жабдуулардын жардамы менен кайтарылганын билдирди.

Украин армиясы 20-августта Орусия тараптан соңку бир сутканын ичинде беш ракеталык жана 61 жолу абадан сокку жасалганын, андан жай тургундар каза болуп, жараат алганын кабарлады.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG