Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Көк бөрү: “Ынтымак” Достук кубогун утту 


Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу: "Ынтымак" жеңүүчү болду. 20-август 2023, Чолпон-Ата.
Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу: "Ынтымак" жеңүүчү болду. 20-август 2023, Чолпон-Ата.

“Ынтымак” командасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун алкагында “Достук” кубогун утту. Финалда таластык команда Казакстандын “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. Үчүнчү орунду “Түркстан” командасын 11:3 уткан “Достук командасы алды.

Ал эми клубдар лигасында Дүйнө кубогун “Жаштык” командасы алды. Аталган команда финалда Красноярск командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Үчүнчү орунду Өзбекстан ээледи.

1-орунду алган командага 2 млн., 2-орунга 1 млн. жана 3-орунга 800 миң сом берилет.

Ушул эле күнү 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешип, кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жетти.

Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Жалпысынан 12 команда ойноду.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогун быйыл алгачкы жолу Кыргызстан өткөрдү.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG