Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Украин учкучтары Швециянын "Грипен" тик учактарын сынап жатат


 Saab JAS-39 Gripen швед учагы
Saab JAS-39 Gripen швед учагы

Украин учкучтары Швециядан чыккан "Грипен" (Gripen) истребителдерин сынай баштады. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен Стокгольмдогу маалымат жыйында билдирди.

"Асманда биздин артыкчылыгыбыз жок. Биздин заманбап учактарыбыз жок. "Грипен" - сиздердин мамлекеттин сыймыгы. Мен премьер-министр ушул сыймыгын Украина менен бөлүшсө деп эсептейм. Биз дагы муну менен абдан сыймыктанмакпыз".

Мындан тышкары Зеленский өз ара сүйлөшүүлөрдө Швециянын CV-90 согуштук унаасын Украинанын аймагында биргелешип чыгаруу талкууланганын айтып, бул процессти тездетүү үчүн бардык аракеттер жасаларын белгиледи.

Кристерссон "Грипен" тууралуу кеп кылган жок, бирок Орусиянын ишемби күнкү Черниговго жасаган чабуулун айыптады.

Украинанын президентинин маалымат катчысы Сергей Никифоров теориялык жактан "Грипен" учагын Украинага берүүгө үчкадам калганын, азыр техника сыналып жатканын, кийин машыгуулар болорун, андан ары саясий макулдашуудан кийин гана алынарын белгиледи.

19-августта Владимир Зеленский Швецияга барган. Бул анын согуш башталганы бул өлкөгө жасаган алгачкы сапары болуп саналат. 17-августта Швециянын парламенти Украинага 270 миллион евролук жардам топтомун берүүнү жактырган. Киев ок-дары, тетик, жүк машиналарын жана минаны зыянсыздандыруучу жабдууларды алары күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG