Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусиянын Черниговго соккусунан жабыркагандар 148ге жетти


Чернигов
Чернигов

Облустук администрациянын маалыматында ушул тапта 41 киши оор абалда ооруканада жатат. Шаардын борбордук аянтын аткылоодон жети киши, анын ичинде 6 жашар бала каза тапты.

Беш жүздөн ашуун үй жабыркады. БУУнун Украиндагы гуманитардык жардам боюнча координатору Дениз Браун Украинадагы калктуу конуштарды бутага алган Орусиянын соккуларын айыптады.

Чернигов облустук администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус шаар баллистикалык ракета менен аткыланды деген божомол бар экендигин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тартылган видеону жарыялады.

19-августта Украинанын Аскердик аба күчтөрү Чернигов, Полтава, Сумы облустарына ракеталык чабуул болушу ыктымалдыгын эскерткен.

Кийинчерээк Чернигов облусуна дрон соккусу күтүлүп жатканы тууралуу кабар тараган. Москва соккулар тууралуу билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG