Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Бишкекте коомдук транспорт электрондук төлөмгө өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 20-августтан тарта Бишкектин коомдук-муниципалдык транспортунда накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен, "Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алышат.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде ишке киргизилген. Бул долбоорду 2020-жылдан тартып швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттары бар 50 автобус Кытайдан алып келингенин билдирген.

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 500 автобус, калганы келерки жылы алып келинет.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорттун таңкыстыгына коомчулукта нааразылык көп.

Калаа бийлиги бул үчүн кеминде 1500 автобус керек экенин билдирген.

Азыр шаарды заманбап автобустар менен камсыздоо багытында бир катар иштер жүрүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG