Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Кайра шайлоо: Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берилди


Турсунбай Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди. Буга саясатчы үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы себеп болгон. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева 19-августта "Азаттыкка" ырастады.

Буга байланыштуу арыз 14-августта башка талапкер Лейла Саралаеванын өкүлүнөн түшкөн. Саралаева Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жазып, сүрөтүн да Фейсбукка жарыялаган.

Саралаева талапкерлердин бюллетендеги номурлары али тактала элек экенин, ал “Бакир уулу 29-катарды кантип тандап алганына түшүнбөй жатканын” жазган.

Турсунбай Бакир уулу бул боюнча комментарий бере элек.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Ага талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 34кө жеткен. Алардын 11и талапкер болуп катталса, БШК бирөөнү каттоодон баш тарткан. Боршайком толук документин берген 26 кишинин 15инин документи каралып жатканын, эки жаран өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Талапкерлерди каттоо 20-августта аяктап, 21-авгутта үгүт иштери башталат.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG