Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Украин Коопсуздук кызматынын башчысы Крым көпүрөсүндөгү жардыруу тууралуу айтты


Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы Василий Малюк.
Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы Василий Малюк.

Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы Василий Малюк Керч кысыгы аркылуу өткөн көпүрө былтыр октябрда 21 тонна гексогендин жардамы менен жардырылганын билдирди. Малюктун айткандарын украиналык "Новое время" басылмасы чыгарды.

Анын айтканына караганда, коопсуздук кызматы жардыргыч заттарды тамак-ашка пайдаланчу плёнкага катып койгон. Ошентип аны акырын бутага алынган жерге жеткириишкен. Малюк украиндер көпүрөдөгү сканерлерди жана GPSти айланып өтүп, 2022-жылдын 8-октябрында эртең менен жардыруу уюштурушканын айтты.

Аннексияланган Крымга баруучу көпүрөгө кол салуу 17-июлда учкучсуз учактын жардамы менен жасалган.

"Коопсуздук кызматы мында учак көтөрө ала турган жардыргыч заттардын көлөмүн азыр 850 килограммга чейин көбөйтө алды", - деди Малюк.

Анын айтымында, атайын операцияны иштеп чыгууга өзү жана ишенимдүү эки кызматкери катышкан.

Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган Крым көпүрөсү 2020-жылы ачылган. Былтыр 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон.

Экинчиси быйыл 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет. Орус бийликтери көпүрөдөгү жардырууну теракт деп атап, ал үчүн Украинанын атайын кызматтарын айыптаган.

Украинанын Коопсуздук күчтөрү алгачкы ирет 2023-жылдын июлунда Крым көпүрөсүнө жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, дрон менен аны жардырып жаткан видеону жарыялады. Бул тууралуу америкалык CNN каналы 16-августта билдирген.

Расмий Киев буга чейин көпүрөдөгү жардыруу үчүн ачык жоопкерчилик алган эмес. Украинанын Коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүндө болгон окуянын чоо-жайы согушту жеңгенден кийин ачыкталарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG