Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Орусиянын Черниговго соккусу жети кишинин өмүрүн кыйды


Чернигов.
Чернигов.

Орус армиясынын Украинанын Чернигов шаарына чабуулунан жети киши курман болуп, 90у жараат алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу украин ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Орусия Черниговдун борборуна 19-августта эртең менен сокку урган.

Каза болгондордун арасында алты жашар бала да бар. ИИМдин маалыматына караганда, жараат алып ооруканага кайрылган 90 адамдын ону полиция кызматкерлери, 12си балдар. 25 киши ооруканага жаткырылды.

"12 жаштагы кызды реанимобил менен Киевге алып баратышат. Анын абалы оор", – деди Клименко.

Чернигов облустук администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус Телеграм аркылуу билдиргендей, шаар баллистикалык ракета менен аткыланды деген божомол бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тартылган видеону жарыялады.

Буга чейин Украинанын Аскердик аба күчтөрү Чернигов, Полтава, Сумы облустарына ракеталык чабуул болушу ыктымалдыгын эскерткен. Кийинчерээк Чернигов облусуна дрон соккусу күтүлүп жатканы тууралуу кабар тараган.

Москва соккулар тууралуу билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG