Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Кыргызстандыктар 20-августтан тартып Мальдив аралдарына визасыз бара алат


Мальдив Республикасына кирген аралдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Мальдив Республикасына кирген аралдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

20-августтан тартып кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ушул күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 30-майда кол койгон.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Мальдив Республикасында, Мальдивдин жарандары Кыргызстандын аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат.

Мальдив Республикасы Индустан жарым аралынын түштүк жагында, Инд океанындагы аралдардан куралган мамлекет. Индия жана Шри-Ланка мамлекеттери менен кошуна. Мальдивдин борбору - Мале шаары. Калкынын саны жарым миллиондун тегерегинде.

Эл аралык паспорт индекси сайтынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын жарандары учурда 30дай мамлекетке визасыз бара алышат. Мындан сырткары 40тан ашуун өлкөгө барган соң виза ала алышат. Кыргызстан өзү учурда 61 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG