Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Президент Жапаров жарандыкка кабыл алуу тууралуу жарлыкка кол койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 18-августта билдиргендей, кыргыз паспортун алгандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Бул жолу Кыргызстандын жарандыгын алган жарандардын аты-жөнү жана саны жазылган эмес. Буга чейин бул маалымат коомчулукка ачык жарыяланып келген.

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстандын жарандыгын алган ондогон орусиялыктардын катарында Мамлекеттик Думанын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, спортчулар, ишкерлер да бар экени белгилүү болгон.

"Хроники" иликтөө долбоору таап чыккан бул маалыматтан кийин айрымдар Кыргызстан мунун айынан санкцияга илинип калышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG