Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусияга 200дөй чет өлкөлүк дары келбей калышы мүмкүн


Орусияда чет өлкөдө чыккан 196 дары сатылбай калышы мүмкүн.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык мекемелерге жазган катын окуп чыккан "Холод" басылмасы жазды. Катта мындан ары Орусияда чыгарылбай турган жана сырттан ташылбай турган дарылардын тизмеси жазылган.

Тизмеге айрым антибиотиктер, ВИЧ-инфекциясына, онкология, талма, Паркинсон жана акыл-эс ооруларына каршы дарылар да кирген. Министрликтин катында орусиялык кардарлар көп сатып алган АЦЦ (жөтөл), панадол (ооруну басаңдатып, дене табын түшүрүүчү), но-шпа (ич түйүлгөндө ичилүүчү таблетка), сальбутамол (астмага каршы ингаляциялык дары) да кирген. Мындан тышкары кызылчага, кептөөргө, көк жөтөлгө, кызамыкка жана башка инфекцияларга каршы балдарга сайыла турган вакциналар да бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин катындагы айрым дарылар эскиргени, калгандары үчүн орусиялык аналогдор бар экени белгиленген. Бирок дарыгерлер менен бейтаптар бул дарылардын орусиялык көчүрмөсү тескери таасир эткен учурлар болгонуна көп даттанышкан.

Министрлик катта дары-дармек жеткирүүнү токтотуу тууралуу маалымат дары өндүрүүчү фирмалардан өзүнөн келгенин билдирген.

Бирок "Холод" сүйлөшкөн дарыгерлер жана фармацевттер министрлик ата мекендик дарыларды өткөрүү үчүн ушул жолго барганын айтышууда. Алар мурда алып жүргөн дары-дармектердин текчеден жоголушу мыйзамсыз ташуу иштерин күчөтүп, жасалма дарылардын базарын пайда кылат деп кооптонушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG