Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

Пакистан: "Кудайга акаарат келтирген" деген айып менен эки адам кармалды


Пакистандын чыгышында христиандардын чиркөөсүн талкалап жаткан жаалданган топ. 16-август, 2023-жыл.
Пакистандын чыгышында христиандардын чиркөөсүн талкалап жаткан жаалданган топ. 16-август, 2023-жыл.

Пакистандын чыгышындагы Фейсалабад шаарында полиция "Кудайга акаарат келтирген" деген айып менен христиан динин тутунган эки адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү тартип коргоо кызматы 18-августта билдирди.

16-августта жергиликтүү тургундар "христиан динин тутунган эки адам Куранды тытты" деп, христиандардын чиркөөлөрүн өрттөп, үйлөрүн талкалап жиберишкен.

Аларды коопсуздук күчтөрү абага ок атып, күч колдонуп араң таркаткан. Окуяга байланыштуу 128 адам кармалганы маалымдалган.

Тополоңго байланыштуу жергиликтүү бийлик мектептерди жана өкмөттүк кеңселерди убактылуу жаап, митингдерди өткөрүүгө бир аптага тыюу салды.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму расмий Исламабадды "Кудайга жана ислам динине акаарат келтирүү жөнүндө" мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

Бул мыйзамга ылайык, кудайга, исламга же дин аалымдарына шек келтиргендер өлүм жазасына тартылат.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бийлик бул мыйзамды диний азчылыктарды коркутуу жана жеке өч алуу үчүн колдонуп келгенин белгилешет.

Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1,6% тарса-христиандар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG