Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Нарын соту "вагнерчи" деп шектелген жаран боюнча өтүнүчтү караган жок


Шектүүнүн сүрөтүн УКМК 15-августта жарыялады.
Шектүүнүн сүрөтүн УКМК 15-августта жарыялады.

Украинадагы согушка катышып келгени аныкталып, камакка алынган Бекназар Бөрүгул уулун үй камагына чыгаруу өтүнүчү сотто каралган жок. Бул тууралуу бүгүн 18-августта "Азаттыкка" Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков билдирди.

Анын айтымында, шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко 16-августта жубайы кайрылган.

“Материал сотко өтүп, алгачкы отурум 28-августка белгиленгенине байланыштуу шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү каралган жок. Эгер иш тергөө органдарында болсо, анда сот бөгөт коюу чарасын карашы мүмкүн болчу”, - деди Белеков.

Нарындын 27 жаштагы тургунун 1-августта күч органдары жалданмачылыкка шектүү катары кармашкан. Ал Орусияда абакта отурган жеринен “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, мекенине 8-июлда кайтып келгени аныкталган.

Шектүүнүн аялынын айтымында, ал 2020-жылы Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2021-жылы полицияга "маңзат алып жүрөт" деген шек менен түшүп, 10 жылга абакка кесилген. 2022-жылдын аягында “вагнерчилердин” катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү тууралуу 15-августта расмий маалымат таратып, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” деген беренесине ылайык мындай кылмышка баргандардын мүлкү конфискация болорун жана беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскерткен.(MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG