Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Канадада токойдогу өрттөн улам бир шаардын калкы эвакуацияланды


Канаданын Британ Колумбиясы провинциясындагы өрт каптаган токой. 2-июль, 2023-жыл.
Канаданын Британ Колумбиясы провинциясындагы өрт каптаган токой. 2-июль, 2023-жыл.

Канаданын бийлиги токойлорду каптаган өрт тездик менен жайылып баратканына байланыштуу Йеллоунайф шаарынын калкын шашылыш түрдө коопсуз жактарга көчүрүүдө. Калаада 20 миңдей адам жашайт.

Жалпысынан Түндүк-Батыш провинциясында 200дөн ашуун өрт тутанган. Апта башында катуу шамалга байланыштуу өрт отуз чакырымга жайылган. Канада менен АКШнын түндүгүндө абанын температурасы 46 градуска чейин жетип, сексен жыл мурунку көрсөткүчтү басып өттү.

Ал арада Гавайинин Мауи аралында токойлордо башталып, кийин Лахайна шаарын толук күлгө айланткан өрттө каза болгондордун саны 110дон ашканын бийлик 17-августта билдирди.

Гавайидеги тилсиз жоо соңку бир кылымдан ашык убакыт ичинде АКШнын аймагында эң көп адамдын өмүрүн алган ири өрт кырсыгы болуп калды.

2023-жылы аба ырайынын кескин ысышынан улам Грекия, Испания жана Европанын башка өлкөлөрүндө ири токойлор өрттөндү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG