Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Баткенде 83 айыл таза суу менен камсыз болгон эмес


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунда 191 айыл-кыштак болсо, анын 83үндө ичкенге таза суу жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ошондой эле жакын арада таза суу тартуу үчүн 20 айылда иш жүрүп жатканы айтылды.

Облустун аймагында 108 айылда таза суу бар деп эсептелгени менен, кээ бир конуштарда суу мезгил-мезгили менен берилип, тартыш болуп жатканы айтылып жүрөт. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилдеринде ичеги-карын оорулары, жугуштуу ооруларга байланыштуу маселе курчуйт.

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичер суу маселеси чечиле электигин буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкен. Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда суу куурларынын эскилиги жеткени үчүн 2026-жылга чейин элетти таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынганы айтылган.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирип, быйыл Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотту. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн.

Үч жыл мурун бийлик 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG