Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:02

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” сотуна күбөлөр келген жок


ЭлТР телеканалы менен “ПолитКлиника” медиасынын эн белгилери.
ЭлТР телеканалы менен “ПолитКлиника” медиасынын эн белгилери.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-августта мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын кароону улантты. Анда эки медианы соттошууга жеткирген видео материалдар көрсөтүлдү. Бул отурумга күбөлөр келбегенине байланыштуу келерки процесс 11-сентябрга белгиленди.

Соттун катчысынын билдиришинче, күбө катары чакырылган Финансы министрлигинин кызматкери жыйында болгону үчүн сотко келген эмес. Энергетика министрлигини өкүлү бөлүм башчынын ишеним катынын жоктугунан бул соттук отурумга катышпай турганын айткан.

Буга чейинки соттук жараянда “ПолитКлиниканын” адвокаттары доогер тараптын арызына жооп берген. Жактоочу Алтынай Исаева “ПолитКлиниканын” материалында ачык булактардан алынган маалыматтар колдонулганын, коюлган доо негизсиз экенин айтып, соттон арызды четке кагууну суранган.

ЭлТР “ПолитКлиниканы” “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу февраль айында сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал сөз болуп жаткан материалды интернеттен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардагы маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, ЭлТРдин доосун сөз эркиндигине басым деп баалап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG