Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Европада Сорос фонддорунун программалары жабылат


Жорж Сорос уулу Александр менен.
Жорж Сорос уулу Александр менен.

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" фонддору келерки жылдан тартып Европа өлкөлөрүндөгү программаларын кыскартат. Анын ордуна Европа Биримдигине мүчө эмес же аймактагы жакыр өлкөлөрдөгү ишмердигин кеңейтет. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар аталган фонддун ички кат алышууларына таянып жазып чыгышты.

"Ачык коом" ишмердигин кеңейтет деген өлкөлөрдүн арасында, Балкан аймагындагы айрым мамлекеттер, Украина, Молдова, Кыргызстан жана Казакстан бар.

Соростун фонддорунун Европадан кетип жатканына байланыштуу айрым укук коргоочулар камтамачылык билдиришти.

Transparency International эл аралык укук коргоо уюмунун Еврошаркеттеги өкүлү Михаиль ван Хультен "популизм көбөйүп, мыйзам үстөмдүгүнө коркунуч жаралган маалда" Соростун программаларынын дароо токтотулушу менен буга чейинки ийгиликтер жокко чыгып калышы ыктымалдыгын эскертти.

93 жашка чыккан Жорж Сорос июнь айында бизнес-империясын уулу Александрга толугу менен өткөрүп берген. Ошол маалда баласы "Ачык коом" фондун жетектеп жатканына жарым жыл болгон.

Ушул жылдын апрель айында Казакстандагы "Сорос" фонду дээрлик 30 жылдык ишмердиктен кийин жарандык демилгелерди каржылоону токтотуп жатканы белгилүү болгон. Ага чейин, 2022-жылы октябрда "Сорос-Тажикстан” жабылары жарыяланган.

Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" фонддору 1993-жылы түзүлгөн. Анын башкы максаты - демократияны өнүктүрүү, адам укугун, азчылык топторду, качкындарды коргоо, ошондой эле эркин медианы, маданий жана билим берүү программаларын колдоо экени айтылган. Мындай фонддор дүйнөнүн 120дай өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы бар. Андагы долбоорго жылына 1,5 миллиард доллар сарпталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG