Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабак боюнча чукул жыйынга чогулат


Жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакертте нанга кезекке тургандар. 2-август, 2023-жыл.
Жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакертте нанга кезекке тургандар. 2-август, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 16-августта Тоолуу Карабак жикчил аймагындагы гуманитардык кырдаалдын начарлашына байланыштуу чукул жыйынга чогулат.

Буга Армениянын БУУдагы өкүлү Мгер Маргаряндын Коопсуздук кеңешине жолдогон каты түрткү болду. Анда Тоолуу Карабактын эли ири гуманитардык каатчылык алдында турганы белгиленет.

Расмий Ереван менен Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги билдиргендей, Азербайжан декабрь айында Лачын коридорун жаап салгандыктан аймакта азык-түлүк, дары-дармек таңкыстыгы жаралды.

Армениянын адам укугун коргоо кеңсеси 15-августта Тоолуу Карабакта ачкачылыктан бир киши каза болгонун билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Азербайжан Тоолуу Карабакка Агдам шаары аркылуу барууну сунуштап жатат. Анткен менен жикчил аймактын бийлиги бул сунушту четке кагып, Лачын коридорун жаап салуу 2020-жылы Москванын ортомчулугу менен жетишилген келишимге каршы келерин жүйө кылууда.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлер жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги автокербендин жиберилишин "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартышы зарыл" экенин билдирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдар боюнча Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG