Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

The Killers рок-тобу Грузиядагы окуя үчүн кечирим сурады


Грузиядагы The Killers тобунун концерти. 14-август, 2023-жыл. Батуми.
Грузиядагы The Killers тобунун концерти. 14-август, 2023-жыл. Батуми.

Америкалык The Killers рок-тобу Грузиядагы концертте орусиялык күйөрманын сахнага чакырганы үчүн кечирим сурады.

Курорттук Батуми шаарында 14-августтун кечинде болгон концертте топтун мүчөсү Брэндон Флауэрс салтка айлангандай эле залдагы күйөрмандарынын бирин сахнага чакырган.

Сахнага чыгып, добулбаста ойноону суранып жаткан жигит орусиялык экенин айтканда залдагы күйөрмандар ышкырып, ызы-чуу башталган.

Чогулгандар орусиялык адамдын сахнадан кетишин талап кылганына карабай топ концертти уланткан. Ал эми Флауэрс залдагыларды тынчытуу максатында алардын күйөрмандарынын баары «эже-карындаш, ага-ини» экенин айткан.

Мындан кийин көптөр «Орусия баскынчы» деген ураандарды чакырып, залдан чыгып кетишти.

The Killers 15 августа Инстаграмда жарыялаган билдирүүсүндө кечирим сурап, эч кимди капа кылгысы келбегенин жазган.

«Биз The Killers тобунун бардык күйөрмандары эже-карындаш, ага-ини» деп айтканыбыз туура эмес кабыл алынып калганын түшүнүп турабыз», - деп белгиленет анда.

2008-жылы Грузия менен болгон беш күндүк согуштан кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган.

Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG