Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:21

Орусияда мобилизациядан качкан экс-министр АКШдан башпаанек сурады


Орусияга караштуу Коми республикасынын мурдагы айыл чарба министри Денис Шаронов.
Орусияга караштуу Коми республикасынын мурдагы айыл чарба министри Денис Шаронов.

Орусияга караштуу Коми республикасынын мурдагы айыл чарба министри Денис Шаронов армияга чакыруу алган соң АКШга качып кетип, ал жактан башпаанек сурады. Бул тууралуу RTVI агенттиги жазды. Аймактын бийлиги бул маалыматты азырынча ырастай элек.

48 жаштагы экс-министр Шаронов Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин ага да армияга чакыруу келгенин, көп өтпөй ал Кошмо Штаттарга кетүүнү чечкенин агенттикке айтып берген.

Мурдагы аткаминердин сөзүнө караганда, Орусияда ал эки жолу ыктымал экономикалык кылмыштарга айыпталып, сотто акталып чыккан.

«Армияга чакыруу мага кандайдыр бир белги экенин түшүндүм. Эки ирет ийгилик мен тарапта эле, ал эми бул ирет башка жол жок экенин сезип, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум», - дейт Шаронов.

Учурда ал Америкада чоң жүк ташуучу машине айдап жан багып жатканын айткан.

Денис Шаронов Коминин айыл чарба министри болуп 2020-жылы дайындалган. Эки жылдан кийин, Орусия Украинага басып кирерден мурда кызматтан алынган. Шароновдун айтымында, буга республика жетекчилиги менен пикир келишпестиги түрткү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG