Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

CPJ Дүйшөмбүдөн журналист Фозиловду бошотууну талап кылды


Журналист Хуршед Фозилов.
Журналист Хуршед Фозилов.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) тажик бийлигинен журналист Хуршед Фозиловду абактан бошотууну талап кылды.

15-августта таратылган билдирүүдө уюмдун башчысы Карлос Мартинес де ла Серна маалымат каражаттарынын кызматкерлерин "кылмышкер" кылып жатканы үчүн тажик сотторун айыптады.

"Фозилов - соңку бир жылда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган жетинчи журналист. Бийлик аны жана башка ЖМК өкүлдөрүн түрмөдөн бошотушу керек", - деди ал.

Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көз карандысыз журналист Хуршед Фозиловду быйыл март айында Пенжикент шаарында кармап кетишкен. Журналистти сот өлкөдө тыюу салынган жана "экстремисттик" деп табылган "Ахбор" маалымат агенттиги менен кызматташканы үчүн айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан.

37 жаштагы журналист, үч баланын атасы бир нече көз карандысыз маалымат каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө негизделген "Ахбор" веб-сайты менен да кызматташып келген. Ал Согд облусунун тургундары туш болгон социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып, жергиликтүү бийликти сындап келген. Социалдык түйүндөрдө да активдүү болчу.

Соңку бир жылда Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жети жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын көбү тыюу салынган уюмдар менен кызматташканы үчүн соттолгон. Тарапташтары жана укук коргоочулар журналисттердин кармалышын айыптап, иштин саясий өңүтү бар экенин айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG