Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Статком: Жаштар арасында жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдө жаштар арасындагы жумушсуздуктун расмий көрсөткүчү соңку жылдары төмөндөй баштады деп эсептейт. Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылы жаштардын жумушсуздук деңгээли 11% болсо, 2022-жылы 8,4% түздү.

Ошону менен катар жаштардын өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнө катышуусунда төмөндөө бар – жумуш күчүнүн курамында жаштар 2018-жылы 48,4% түзсө, 2022-жылы 46% болгон.

“Жаштардын олуттуу бөлүгү жумуш издеп башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет, алардын көпчүлүгү КМШ аймагына (негизинен Орусияга жана Казакстанга) миграцияга кеткен. Жалпысынан алганда, мигранттардын үчтөн биринен көбүн (37%) 14-35 жаштагылар түзөт”, - деп билдирди мекеме.

Кыргызстандын "Жаштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар жаштар деп эсептелет. Алардын саны дээрлик 2,5 миллион, бул көрсөткүч жалпы калктын 35% түзөт.

Жаштары эң көп шаарлар - Бишкек жана Ош, ал эми Чүй жана Баткен облустарында эң аз.

Жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Расмий эсепте жумушсуздук 5% тегерегинде деп айтылып келсе, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча бул көрсөткүч 9% болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG