Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Украина Урожайное айылы орус армиясынан бошотулганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотту. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди жана аймакта украин жоокерлери чабуулун улантып жатканын билдирди. Соңку күндөрү бул кыштак үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жаткан.

Дүйшөмбүдө Маляр украин жоокерлери Урожайное айылынын айрым аймактарында "ийгиликке жеткенин" кабарлаган.

Аталган кыштак орус армиясы ээлеп алган Мокрые Ялы дарыясынын жээгинде жайгашкан. Украина бул аймакта контрчабуулду ушул айдын башында баштаган.

New York Times басылмасы өткөн аптанын аягында талдоочуларга, украиналык кызмат адамдарына жана орусиялык блогерлерге шилтеме кылып украин аскерлери талкаланган Старомайорское айылына келип жайгашып, Урожайное айылын көздөй багыт алганын жазган.

Буга чейин орус армиясы аталган айылды таштап кеткени тууралуу маалыматтар чыккан, бирок ырасталбай келген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Старомайорское, Урожайное айылдарына жана "Октябрь" совхозунун аймагына абадан сокку урулганын билдирип жаткан.

Украин армиясы июнь айынан тартып өлкөнүн түштүгүндө түштүк-чыгышта контрчабуулдарды баштаган. Соңку эки айда айрым аймактар бошотулганы менен, ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.

Украин бийлиги контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, ийгиликтер, жылыш бар экенин билдирип келет.

Өткөн айдын аягында New York Times Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын маалымдаган. Анын башкы максаты Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG