Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Украина аймактарынан баш тартуу ыктымалдыгын четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Киев НАТОго кошулуу үчүн айрым аймактарынан баш тартышы ыктымал" деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Олег Николенко Түндүк Альянстын баш катчысынын аппарат жетекчисинин билдирүүсү тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

"Альянс дагы Украина сымал эле аймактар менен соодалашпайт деп билип келгенбиз. НАТОнун кызмат адамдары аңдап-аңдабай Украина айрым аймактарынан баш тартышы мүмкүн деген билдирүүлөргө кошулуусу Орусия үчүн көктөн издегени жерден табылгандай болот. Анын ордуна евроатлантикалык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Украинанын жеңишин тездетүүнү, анын НАТОго толук укуктуу мүчөсү болушун талкуулоо керек эле".

Мунун алдында Норвегияда коомдук талкууда НАТОнун баш катчысынын аппарат башчысы Стиан Йенссен Украина НАТОго мүчө болушу үчүн айрым аймактарынан баш тартышы мүмкүндүгүн билдирген. Ошол эле маалда акыры чечимди Киев кабыл аларын белгилеген.

НАТОнун өкүлүнүн сөзүн Украианын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк дагы комментарий берген. Анын сөзүнө караганда, Украинанын айрым аймактардан баш тарткан варианты орус президенти Владимир Путин үчүн "триумф" болуп калат.

"Эгер Путин баш көтөргүс болуп жеңилбесе, Орусияда саясий режим өзгөрбөйт жана аскер кылмышкерлери жоопко тартылбайт. Мындан улам согуш Орусиянын алкымын ого бетер чоңойтот", - деген Подоляк.

Өткөн айда Вильнюста НАТО-Украина саммити өткөн. Анда Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын келечеги бул уюмда экенин, бирок “мүчөлөр макул болуп, шарттар аткарылганда” гана Киевге сунуш берилерин билдирген. Украина президенти Владимир Зеленский НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлерин чечкинсиз деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG