Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Зеленский Запорожьеде контрчабуулга катышып жаткан аскерлерге жолукту


Украинанын президенти Владимир Зеленский фронттогу аскерлер менен жолугуп жатат. Запорожье облусу. 15-август, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский фронттогу аскерлер менен жолугуп жатат. Запорожье облусу. 15-август, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августта өлкө түштүгүндөгү Запорожье облусуна барып, Мелитополь багытында контрчабуулга катышып жаткан аскерлер менен жолукту.

Президенттин кеңсеси билдиргендей, Зеленский командирлердин согуштук аракеттердин жүрүшү тууралуу баяндамаларын угуп, көйгөйлөрдү талкуулады. Аскерлер көбүрөөк учкучсуз аппараттарга муктаж экенин айтышкан.

Украин армиясы түштүктө жана түштүк-чыгышта контрчабуулдарын июнда баштаган. Эки айдын ичинде алар бир катар айыл-кыштактарды орус күчтөрүнөн бошото алышты. Азырынча ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.

Украин расмийлери контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, акырындап прогресс жетишилип жатканын билдирип келишет.

14-августта Зеленский Донецк облусуна барып, ал жакта да контрчабуулга катышып жаткан жоокерлер менен жолуккан.

27-июлда The New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына таянып, украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын жазган.

Андагы маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG