Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Тажикстан: эки ай мурда уурдалган банкирдин сөөгү табылды


Тажикстанда эки ай мурда жоголгон «Ориёнбанктын» төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Шухрат Исматуллоев. Архивдеги сүрөт.
Тажикстанда эки ай мурда жоголгон «Ориёнбанктын» төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Шухрат Исматуллоев. Архивдеги сүрөт.

Тажикстандагы «Ориёнбанктын» төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, эки ай мурда уурдалган Шухрат Исматуллоевдин сөөгү Пенжикент шаарында табылды.

Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон 15-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Исматуллоевди кылмыштуу топ 23-июндун кечинде баш калаа Дүйшөмбүнүн Сомони районунан уурдап кеткен.

Окуяга байланыштуу 13 киши кармалган, дагы үч адамга издөө жарыяланган. Банкирдин уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө Ички иштер министрлигинин эки кызматкеринин да тиешеси бар экенин маалымдалган.

49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал көп жылдар бою “Ориёнбанктын” төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаганы менен иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген.

30-июнда тажик бийлиги Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелгендердин бири Рустам Ашуров Молдовада кармалганын кабарлаган. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп мүнөздөгөн. Ал Түркия аркылуу Кишинёвго учканда аэропортто колго түшкөн.

Молдова бийлиги 30-июнда 43 жаштагы тажик жараны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган тапанча менен эки адамды - чек арачыны жана аэропорттун коопсуздук кызматкерин атып, дагы бир адамды жарадар кылганын билдирген. Атайын операция маалында Рустам Ашуров оор жараат алып, 3-июлда Кишинев шаарындагы тез жардам ооруканасында эсине келбей каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG