Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Волын облусунда Орусиянын чабуулунан үч адам набыт болду


Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жарыялаган сүрөт.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жарыялаган сүрөт.

Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады.

Волын облусунун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Погуляйконун билдиришинче, өнөр жай ишканасына канаттуу эки ракета тийди жана анда үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды. Имарат жарым-жартылай талкаланды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой ракеталардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн, айрымдары үйлөргө тийгенин билдирди. Ал Телеграм-каналына көп кабаттуу үйлөрдүн үстүңкү кабаты зыянга учурап, жашоочулар эвакуацияланганын жазды. Ал ошондой эле бала бакчалардын бири жабыркаганын, жараат алгандар болбогонун кабарлады.

Садовойдын ырасташынча, соңку чабуулда жүздөн ашык имарат жабыркап, терезелер талкаланды. Жарадар болгон төрт адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин сөзүнө караганда, ракеталардын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине жана калктуу эки конушка түштү. Бир канча адам жеңил жараат алды жана 20 чактыдай жер там жабыркады.

Днепр облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулда өнөр жай ишканасынын жана спорт комплексинин имараты жабыркаганын билдирди. Анда эки адам жараат алганы айтылды.

Хмельницк облусунда абадан коргоочу система иштеди. Баштапкы маалыматка ылайык, чабуулда жараат алгандар болгон жок.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, шейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлдү.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап тараптардан тактоо мүмкүн эмес.

Москва бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG