Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Иран Шираздагы мечитке тажик жараны кол салганын билдирди


Шираз шаарындагы Шах-Черах мечити. 13-август, 2023-жыл.
Шираз шаарындагы Шах-Черах мечити. 13-август, 2023-жыл.

Ирандын бийлиги жекшемби күнү Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине Тажикстандын жараны кол салганын билдирди.

Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусави 14-августта маалымдагандай, шииттердин мечитине кол салууга байланыштуу сегиз адам кармалды. Алардын баары чет өлкөнүн жарандары.

"Негизги шектүү өзүн Рахматулло Норузов деп тааныштырды. Ал тажик жараны", - деди Мусави.

Мындай билдирүү боюнча Тажикстандын бийлиги азырынча маалымат бере элек.

13-августта Шах-Черах мечитинде ок атылып, андан кеминде бир адамдын өмүрү кыйылган. Сегиз киши жараат алган.

Шах-Черах мечити Ирандагы шииттер үчүн эң ыйык беш жайдын бири деп саналат.

Былтыр октябрь айында да бул мечитке кол салуу болуп, андан 15 киши каза тапкан. Ошол кезде кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG