Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды


Министр Жээнбек Кулубаев жана элчи Ду Дэвэн.
Министр Жээнбек Кулубаев жана элчи Ду Дэвэн.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн 14-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу менен катар жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарлар каралганы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Шинжаң-Уйгур автоном районуна жана быйыл октябрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга сапарлары даярдалып жатканы маалымдалды.

“Тараптар Кытай өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, аймак аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти”, - деп билдирди ТИМ.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт, ал такталып бүткөн. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG