Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Тоңдогу жол кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кочкор - Балыкчы жолундагы автоунаа кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн. Бул кабарды кырсыктан каза тапкандардын жакын тууганы, Нарын облусуна караштуу Жер-Көчкү айылынын тургуну Автандил Казакбаев "Азаттыкка" ырастады.

"69 жаштагы таякем, анын 35 жаштагы уулу жана 2 жашар, анан 7 айлык неберелери каза болду. Азыр мен сөөктөрдү жерге берип, Балыкчыга кеткени жатам. Ооруканада менин апам, таякемдин эки келини жана бир баласы жатат. Баары реанимацияда. Укканыбызга караганда, баарынын абалы оор. Алар кырсык болгон күнү Балыкчыга тойго барып, үйгө кайтып келе жаткан экен. Берки машинада дагы каза болгондор бар дешти, бирок толук маалыматтым жок. Башка эч нерсе айта албайм", - деди Казакбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сегиз киши мүрт кетип, үчөөнүн абалы оор экенин маалымдады. Жараат алгандардан үчөө Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу бул боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

“13-августта Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолунда BMW мене Audi үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. Азыркы учурда бардык материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка маалымат берилет”, -деди ал.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жыл башынан берки алты айда үч миңден ашуун автокырсык катталып, 820 учурда балдар жабыркаган.Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза болсо, анын ичинде 38и - балдар. Жол кырсыктарынан адам өлүмүнүн көрсөткүчү быйыл мурдагы жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG