Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жыргалаң жөнүндө түшүндүрмө берди


Жыргалаң көмүр кени. 3-август. 2023
Жыргалаң көмүр кени. 3-август. 2023

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жыргалаң көмүр кенин иштетүүгө 1,7 миллион доллар жеңилдетилген насыя берилгенин ырастады. Анда "Бизнес Инвест Компани" ишканасы бул акчага атайын техникалардан тартып шахтёрлордун атайын кийим-кечесине чейин Орусиядан сатып алганын маалымдады.

"Долбоордун максаты - ири Жыргалаң кениндеги көмүр казууну жандантуу. Бул кен 1959-жылдан тартып казыла баштаган жана андагы запас 18 миллион тонна деп эсептелген. 2012-жылы сентябрда өрт чыгып, иш токтоп калган", - деп жазылган маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 6-августта "Кабар" маалымат агенттигине 12 жылдан бери казылбай турган "Жыргалаң" көмүр кенинин ишке кириши тууралуу түшүндүмө берген. Анда аталган кенди 2009-жылы бир тууган агасы Сабыр Жапаров 80 миллион сомдой карызы менен аукциондо сатып алганын, 2011-жылдан тартып ишке киргизгенин айткан. Шахтаны 2014-жылы криминалдар тартып алганын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери мерт болгон учур катталганын жана ошондон бери шахтага суу толуп казылбай турганын билдирген.

Жапаров анда Жыргалаңды Марат аттуу бизнесмен иштетип жатканын, ага Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя берилгенин айткан.

"Мен бийлике келгенде, бир тууган агам "шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум, "бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” дедим. Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Орус-кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Орусияга заводго которуп, конвейер системасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, буюрса, мындан ары "Жыргалаң" шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актап эле калбай, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем", - деген Жапаров.

Президент анда учурда шахтанын суу баскан оозу ошол бойдон турганын, анын башка жагынан эки тоннел казылып, көмүр ошол жактан алынып жатканын белгилеген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы анын алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жыргалаңдагы көмүр кенинин иши менен таанышканын билдирген. Көп өтпөй Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев шахтаны 12 жыл мурда суу басып калгандыктан, иштебей турганын айтып чыккан.

Айрым бир маалыматтарга караганда, президент айткан ишкер - Марат Турсунбеков. Ал Акылбек Жапаров 3-августта Жыргалаңга барганда коштоп жүргөн.

Турсунбеков 2021-жылдын аягында түзүлгөн президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болгон. Бул ишкана Бишкектеги жаңы Ак үйдү курары маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG