Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Гавайинин Мауи аралында өрттөн каза тапкандардын саны өсүүдө


Лахайна шаарынын күлгө айланган көчөсү.
Лахайна шаарынын күлгө айланган көчөсү.

Гавайинин Мауи аралындагы тарыхый Лахайна шаарын каптаган өрттөн каза тапкандардын саны 93 адамга жетти. Табигый кырсыктын курмандыктарын тактоо иши баштапкы стадияда гана экенин, өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүндүгүн Associated Press жаңылыктар агенттиги жекшемби күнү маалымдады.

Мауи аралынын полициясы билдиргендей, атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен иштеген куткаруучу топтор өрт чулгаган аймактын 3% гана текшерип чыкты.

"Биз этият иштешибиз керек. Ал жакта оор металлдар бар. Үйлөр жана бизнес кеңселери урап калган жерлер ууланып калды. Конструкциялар адамдардын үстүнө кулап кетиши мүмкүн. Ошондуктан алардан оолак болууну сунуштап жатабыз. Ансыз деле көп адамдан айрылдык", - деди Гавайинин губернатору Жош Грин.

Мауи аралындагы өрт өткөн аптанын башында тутанган. Жакынкы "Дора" ураганынан улам катуу соккон шамал өрттүн кыска убакыт ичинде бүтүндөй конуштарга жайылышына түрткү берген.

Гавайидеги тилсиз жоо соңку бир кылымдан ашык убакыт ичинде АКШнын аймагында эң көп адамдын өмүрүн алган ири өрт кырсыгы болуп калды.

Учурда аралдын кеминде эки бөлүгүндө дале өрт өчүрүлө элек. Расмий маалыматка ылайык, соңку табигый кырсык кеминде 2200 турак жайды күлгө айланып, 6 миллиард доллардык чыгым алып келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG