Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:50

Украинанын Одесса шаарында пляждар кайра ачылды


Одессадагы пляждардын бири
Одессадагы пляждардын бири

Орус күчтөрү 2022-жылы Украинага басып киргенден бери биринчи жолу Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Одесса шаарындагы пляждар расмий ачылды.

Cогуш башталгандан кийин мина коркунучунан улам Одессадагы кум жээктер жергиликтүү тургундар үчүн жабылган болчу. Бийлик шаарга деңиз тараптан десанттык чабуул болушу мүмкүн деп чочулаган. Жээк бойлой миналар коюлуп, пляждар тосулган жана эскертүүчү белгилер орнотулган.

Буга карабастан айрым шаардыктар сууга түшүүнү улантышкан. Мындан улам миналар жарылып, бир нече адам набыт болгон учурлар да катталган.

"Думская" басылмасы жазгандай, жаңы ачылган пляждарда атайын куткаруучулар иштейт. Жээктин сууда сүзүү бөлүгүндө миналардан коргоочу тор тосмолор орнотулган.

Деңиз жээгиндеги алты коомдук пляжга эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин барууга болот. Пляждарда жакынкы баш калкалоочу жай кайда жайгашканын көрсөткөн белгилер орнотулган.

Аба чабуулу башталганда, бороон учурунда же суудан шектүү объектилер табылганда жайкын тургундарга пляжда болууга тыюу салынат.

Украинанын түштүгүндө жайгашкан Одесса шаары утур-утур орус күчтөрүнүн аткылоолоруна кабылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG