Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Херсондогу чабуулдан каза тапкандардын саны жети кишиге жетти


Украинанын Херсон облусу.
Украинанын Херсон облусу.

Украинанын Херсон облусунда орус күчтөрүнүн соңку артиллериялык аткылоолорунан каза тапкан жайкын тургундардын саны жети кишиге жетти. Украин ички иштер министри Игорь Клименко облустагы Широка Балка конушундагы чабуулдан оор жараат алган 12 жаштагы эркек бала ооруканада көз жумганын Телеграм аркылуу билдирди.

"Широка Балкада бүтүндөй бир үй-бүлө курман болду. Тилекке каршы, 12 жаштагы эркек бала ооруканада жан берди", - деп айтты Клименко.

Анын алдында Херсондун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Орусиянын чабуулунан Широка Балкада жергиликтүү бир тургун, анын жубайы жана төрөлгөнүнө 23 күн боло элек ымыркай кызы мүрт кеткенин кабарлап, бул үй-бүлөдөн 12 жаштагы эркек бала гана аман калганын, ал ооруканада оор абалда жатканын билдирген.

Мындан тышкары Широка Балкада дагы бир эркек киши, Станислав кыштагында да эки жайкын тургун набыт болду.

Жекшембиге караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Запорожье облусуна караштуу Никополь шаарындагы жайкын тургундар жашаган райондор да артиллериялык аткылоого кабылды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаарга он чакты снаряд түшкөнүн, эч ким жабыркабаганын билдиришти.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жекшембидеги маалыматына ылайык, соңку бир сутка ичинде Орусия украин аскерлеринин позицияларына жана конуштарга жети ракета учуруп, 47 жолу абадан чабуул жасады жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 43 жолу аткылады.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку урганын төгүндөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG