Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Киев Орусиянын аткылоосунан Херсондо алты киши мерт кеткенин билдирди


Жарылбай калган снаряд. Николаев облусу, Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Жарылбай калган снаряд. Николаев облусу, Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-августтун таңында Орусия аскерлеринин Херсон облусун аткылоосунан алты киши набыт болду, анын бири ымыркай. Дагы үч адам жаракат алды. Бул тууралуу украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак Телеграм каналына жазды.

"Станислав поселогунда ракета менен аткылоодон эки адам мерт кетти, жаракат алгандар бар. Беш үй кыйрап, жабыркады. Ал эми Широкая Балка шаарчасын аткылоодон эки эркек, бир аял жана ымыркай набыт болду. Сокку учурунда оор жаракат алган 12 жаштагы бала ооруканага жеткирилди", - деди ал.

Херсон облустук аскердик администрациясы орус аскерлеринин чабуулунан Белозерка кыштагында бир адам жаракат алып, денесинин 70% күйүп калганын кабарлады.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.

Орус тарап бул соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG