Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:28

Садыр Жапаров АКШ президентине көңүл айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Гавайидеги өрткө байланыштуу АКШ президенти Жо Байденге көнүл айтты. Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында Гавайи аралдарындагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алганы жазылган.

"Биз АКШнын кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге жана Америка элине, өрттөн набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жабыркагандардын баары тез арада сакайып кетишине тилектешпиз",- деп жазылган.

Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 12-августта 67 адамга жеткени кабарланды. Аралда өрттөн жана истен жаныбарлар да кырылды. Ошондой эле 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады.

Гавайиде АКШда "Кызыл китепке" киргизилген өсүмдүктөрдүн 44% өсчү. Окумуштуулар азырынча алардын канчасы түп-тамыры менен жок болгонун тактай албай жатышат. Айрымдары калыбына келгенче дагы ондогон жылдар талап кылынышы ыктымал.

Бороон-чапкындан улам тездик менен күчөгөн өрт Гавайи падышачылыгынын мурдагы борбору, азыр жыл сайын эки миллионго жакын турист эс алган белгилүү курорт - Лахайна шаарын толугу менен жок кылды. Гавайинин губернатору Жош Гриндин айтымында, өрт дээрлик 1700 имаратты жок кылды, миңдеген тургундар үй-жайсыз калды. 2020-жылдагы каттоо боюнча бул шаарда 12,7 миң киши жашайт.

Экологдор өрттүн айынан жер кыртышы бузулуп, суу булганып, аралдар, деңиз флора жана фаунасы үчүн маанилүү болгон маржандар кырылат деп кооптонуп жатышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG