Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Орусия Крым көпүрөсү ракетадан аткыланганын кабарлады


Керч кысыгы аркылуу өткөн көпүрө.
Керч кысыгы аркылуу өткөн көпүрө.

Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн, 12-августта Украина Крым көпүрөсүн зениттик С-200 системасы менен аткылаганын, ал абада жок кылынганын маалымдады. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Керч аркылуу өтүүчү көпүрөдө кыймыл бир азга токтоп кайра жанданды. Керчтин тургундары бир нече жолу жардыруу болгонун маалымдашты.

Жарым аралдын Орусия дайындаган жетекчилиги Керч кысыгы аймагында абадан коргонуу системасы эки украин ракетасын атып түшүргөнүн билдирди.

Украина бул билдирүүлөрдү комментарийлей элек.

Былтыр октябрда Крым көпүрөсү чабуулга кабылып, бир нече киши набыт болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина Крымга 12-августка караган түндө да учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын билдирген.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG