Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Аба ырайы: Тоолордо жаан карга айланат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

12-августтан 14-августка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы да кескин төмөндөп, өрөөндөрдө түнкүсүн 4-5, күндүз 9-10 градуска чейин ылдыйлайт.

Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

13-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° жылыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG