Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Ош-Кара-Суу жолундагы кырсыктан үч киши жаракат алды


Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.

Бүгүн, 12-августта Ош-Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн кырсыктан эки адам каза болуп, үч киши жабыркады, алардын экөө жаш балдар. Жабыркандар суу түтүгү кулап түшкөн "Дэу-Нексия" унаасынын арткы салонунда отурушкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

"12-август күнү саат 09:40 чамасында, Алай районунун тургуну 1976-жылы туулган К.К. аттуу жаран өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу “J-FANG” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насирдинов көчөсү менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, сүзүп бузуп алган. Натыйжада ошол эле жолдун каршы тилкесинде келе жаткан “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө аталган суу түтүк түшүп кеткен. Автоунаанын алдынкы салонунда олтурган эки адам ошол жерден көз жумган, ал эми автоунаанын арткы салонундагы үч адам, экөөө жаш балдар жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деп билдирди милиция.

Окуя боюнча соттук-медициналык жана жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоочу соттук автотехникалык, трасологиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө уланууда. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG