Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Ысык-Көлдө милиция кызматкеринин өзүнө кол салышынын чоо-жайы иликтенүүдө


Туристтик милиция. Иллюстрациялык сүрөт.
Туристтик милиция. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук экологиялык-туристтик милициясынын лейтенанты Эрлан Мусакожоев командири, милициянын полковниги Бакыт Абакировдун кысымына чыдабай, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын "Азаттыкка" билдирди.

“17-июлдан 18-августка чейин ден соолугума байланыштуу дарыланууга чыккам. Бирок командир күн алыс чалып, жумушка чыкпасаң орду-түбүң менен жоготом деп жатты. 10-августта саат 9:00гө Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” комплексине кел деди, оозго алгыс уят сөздөр менен сөктү. Командирдин кысымына чыдабай өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Азыр да басымы уланууда”.

Мусакожоев анын командири Бакыт Абакиров мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылган.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, Ысык-Көл райондук ооруканасында дарыланып жаткан лейтенанттын абалы туруктуу. Ал сынга алган аймактагы туристтик-экологиялык милициянын командири Бакыт Абакиров Эрлан Мусакожоевдин айткандары боюнча мындай маалымат берди:


"Ал ооруп жаткан. Бул тууралуу кесиптештери да айтып, үйүндөгү келинчегине барсам, ал да “сүйлөнүп, жөөлүп атат” деген. Дарыланышы үчүн медициналык бөлүмүбүзгө өзүм алып баргам. 11-августта өзү Чолпон-Атага келип, айыктым, жумушка чыкканга даярмын деди. Катарда турган милиция кызматкерлеринин көзүнчө өзүн-өзү сайып жиберди, мен түшүнбөй калдым. Азыр тергөө жүрүүдө, жыйынтыгында комментарий берем”, - деди Бакыт Абакиров.

Окуяны Ысык-Көл райондук милициясы 11-августта каттоого алган, териштирүү иштери жүрүүдө.

Март айында Ноокат районунун Жаңы-Базар айылындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Максатбек Абаз уулунун видео кайрылуусу интернетте тараган. Анда ал райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиевдин атын атап, “кетип кал, болбосо берене менен кетирем” деп куугунтуктап жатканын" айтып чыккан.

28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын алдына чыгышкан. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункттан турган кат жолдоп, министрди бул ишке көңүл бурууга чакырышкан.

Көп өтпөй Айбек Жумагулов кызматтан алынганы кабарланган.(KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG