Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Ош-Кара-Суу жолундагы көпүрөдө суу түтүгү кулап, эки кишинин өмүрү кыйылды


Ош -Кара-Суу жолундагы кырсыкта кулап түшкөн суу түтүгү. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы кырсыкта кулап түшкөн суу түтүгү. 12-август, 2023-жыл.

12-августта Ош - Кара-Суу жолундагы темир жол өткөн көпүрөгө байланган суу түтүгү кулап түшүп, жолдон өтүп бара жаткан автоунааларды басып калды. Атын атагысы келбеген бийлик өкүлү кырсыктан эки адам каза болгонун "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты окуянын күбөлөрү жана ошол жердеги милиция кызматкерлери да ырасташты.

Диаметри болжолдуу 1 метрлик суу түтүгү оор жүк ташуучу автоунаага илинип калып, түшүп кеткени тартылган тасмалар соцтармактарга жарыяланды.

Окуя болгон жерден кабарчыбыздын маалымдашынча, жүк ташуучу автоунаага чиркелген цистернадагы мамлекеттик номур Кытайга таандык. Жүк ташуучу машине кыргыз-кытай чек арасынан - Эркечтам бекетинен келе жатканы айтылууда.

Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен автоунаа. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен автоунаа. 12-август, 2023-жыл.

Окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги азырынча маалымат бере элек. (ZKo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG