Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

Мауи аралындагы өрттө каза болгондор 70ке чукулдады


Өрттөн 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады. Мауи, Гавайи. Август, 2023-жыл
Өрттөн 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады. Мауи, Гавайи. Август, 2023-жыл

Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 67 адамга жетти.

Аралда өрттөн жана истен жаныбарлар да кырылды. Ошондой эле 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады.

Associated Press агенттиги баньян дарагынын күйгөн бутактары менен кошо мышыктар жана тооктор да күйүп кеткенин сүрөттөп жазды.

"Мауинин гуманитардык коомчулугу" бирикмеси өрттөн жаракат алган жаныбарлар да аябай көптүгүн билдирип, коомчулуктан жардам сурады. Бирикменин Фейсбуктагы баракчасында Maui Fires Pets Help Group деп аталган атайын баракча түзүлдү.

Гавайиде АКШда "Кызыл китепке" киргизилген өсүмдүктөрдүн 44% өсчү. Окумуштуулар азырынча алардын канчасы жок болгонун тактай албай жатышат. Айрымдары калыбына келгенче дагы ондогон жылдар талап кылынышы ыктымал.

Алгач бадалдарда чыгып, бороон-чапкындан улам тездик менен күчөгөн өрт Гавайи падышачылыгынын мурдагы борбору, азыр жыл сайын эки миллионго жакын турист эс алган белгилүү курорт - Лахайна шаарын толугу менен жок кылды. Гавайинин губернатору Жош Гриндин айтымында, өрт дээрлик 1700 имаратты талкалап, миңдеген тургундар үй-жайсыз калды. 2020-жылдагы каттоо боюнча бул шаарда 12,7 миң киши жашайт.

Экологдор өрттүн айынан жер кыртышы бузулуп, суу булганып, аралдар, деңиз флора жана фаунасы үчүн маанилүү болгон маржандар кырылат деп кооптонуп жатышат.

2023-жылы аба ырайынын кескин ысышынан улам Грекияда, Испанияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө ири токойлор өрттөндү. Канадада да ушундай өрттүн айынан миңдеген жергиликтүү тургундар эвакуацияланды, өрттөн чыккан түтүн америкалык шаарларга да жетти. Орусияда учурда дээрлик 450 миң гектар чытырман токой өрттөнүп жатат.

БУУнун метеорологдору рекорддук ысыкты климаттын антропогендик өзгөрүшү жана Эль-Ниньонун башталышы – Тынч океандын экватордук суусунун температурасынын жогорулашы менен байланыштырууда. Температуранын жогорулашы адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнө жана жашоонун оорлошуна, өсүмдүктөрдүн куурашына, үйлөрдүн, инфратүзүмдүн жана архитектуралык эстеликтердин бузулушуна алып келет, кургакчылыктын жана токой өртүнүн жайылышына шарт түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG